Жалал-Абад шаарынын Чехов көчөсүн оңдоо учурунда тартылган видео Интернет колдонуучулардын арасында талкууга түштү. Социалдык түйүндөргө өткөн жумада тараган тасмада тегизделген шагылдын үстүнө битум чачылбастан асфальт төшөлүп, жол куруу эрежелери сакталбай жатканы көрсөтүлгөн.
Интернет колдонуучулардын көпчүлүгү жол куруучулар менен шаар бийлигин бул үчүн сындашкан. Мэрия курулуш иштери көзөмөлгө алынып жатканын билдирди. Курулуш улантылып жатат.
Маалыматка ылайык, шаар бюджетинен Чехов көчөсүнүн 800 метрге чукул аймагын реконструкциялоого биринчи этапта 6,2 миллион, экинчисинде 22 миллион сом каражат бөлүнгөн.
Октябрда шаардын Пушкин көчөсүн кеңейтүү иштеринин жүрүшүндө жөө адамдар басуучу жолдун сапатсыз курулганы айтылып, шаар бийлигинин кийлигишүсү менен ал жерлерге кайрадан асфальт төшөлгөн болчу. (RsK)