Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 05:55

Трамп Пакистанга аскердик жардам токтотулганынын себебин түшүндүрдү


Дональд Трамп журналисттерге сүйлөп жаткан учуру. 20-октябрь, 2018-жыл.

АКШ президентинин айтымында, Пакистан өз чек араларында ооган талибдери жана “Хаккани” кыймылынын согушкерлери баашпанек кылган жайларды жок кылыш үчүн жетиштүү чара көргөн жок.

Трамп ошондой эле 18-ноябрда "Fox News" телеканалына берген интервьюсунда Пакистанды кезинде “ал-Каиданын” лидери Усама бин Ладендин жашырынып жүрүшүнө жардам бергени үчүн да айыптады.

Трамп белгилегендей, бин Ладен Пакистанда жашап, жашырынып жүргөндө АКШ жардам иретинде Пакистанга жыл сайын 1,3 миллиард доллар берип турган.

“Алар биз үчүн эч нерсе кылбагандыктан мен муну токтоттум”, - деди Трамп телеинтервьюсунда.

Усама бин Ладенди АКШнын атайын күчтөрү 2011-жылы Абботтабад шаарындагы рейд учурунда атып өлтүргөн.

АКШнын Коргоо министрлиги - Пентагон быйыл сентябрда Пакистанга 300 миллион долларлык аскердик жардамды токтотконун жарыялаган.

Анын алдында АКШ Конгресси да Пакистанга 500 миллион долларлык жардамды бербей койгон.

Трамптын администрациясы Пакистанга берилүүчү коопсуздук жардамдарынын башка формалары да кыскартылып, бул сумма кеминде 1,3 миллиард долларга жетерин эскерткен.

Пакистан АКШнын жогоруда сөз болгон дооматтарын четке кагып келет. (UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG