Бишкек шаарында иштеген ондогон дарыгерлер 19-ноябрда Жогорку Кеңештин алдына митингге чыгышты. Алар үй-бүлөлүк медицина борборлорун оптимизациялоо маселесине байланыштуу нааразылык билдирип жатышат.
Чогулгандар терапевт, педиатр, гинеколог же башка медициналык кесипке ээ болгон адистерди үй-бүлөлүк дарыгерликке окутууга каршы пикирин айтышты. Алар кыска мөөнөттө буга үйрөнүү кыйын болорун, тиешелүү эмес дарыгерлер карыларды жана балдарды карашы мүмкүн эмес экенин эскертишүүдө.
Акцияга чыккан дарыгерлер маяналар министрлик убада бергендей көбөйбөй жатканын, айлык төлөөдөгү упай системасы туура эмес киргизилгенин сынга алып жатышат.
Ушундай эле талап менен 13-ноябрда алар Саламаттык сактоо министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышкан эле.
Учурда Кыргызстанда үй-бүлөлүк медицина борборлорун оптимизациялоо жараяны жүрүп жатат.