Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:01

Алмазбек Атамбаев: Мени каралоо башталды


Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Апрель" телеканалына маек берип жаткан учуру.
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин "Апрель" телеканалына маек берип жаткан учуру.

Бул тууралуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген маегинде билдирди. Анын телеинтервьюсу эфирден 19-ноябрда кечки саат тогузда көрсөтүлө башталды.

"Биздин партиянын соңку курултайында мен жаңы президент Сооронбай Жээнбековго каалоо-тилегимди, сунушумду айткам. Ошондон бери ал бул айтылгандан кандайдыр бир тыянак чыгарат деп күтүп жаткам. Ал биринчи жылында тынчырак иштесин дедим. Бирок ал айткандарыма көңүл бурган жок. Анан калса бул курултайдан кийин мага жана үй-бүлөмө жалган жалаа жабуу, каралоо башталды. Мен мындай калпты жана каралоону Акаев менен Бакиевдин тушунда да башымдан өткөргөн эмесмин. Тилекке каршы, биздин эл мындай жаман нерселерге ишенип алышы мүмкүн. Ошондуктан элге чындыкты айтууга мезгил жетти" деген Атамбаев байлыгы, Бишкектин жанындагы Кой-Таш айылындагы хан сарайына байланыштуу дооматтарды да четке какты.

Ал эми Бишкек жылуулук электр борборуна байланыштуу козголгон кылмыш иштери тууралуу суроого жооп берип жатып, "Биринчиден, авария ЖЭБдин эски бөлүгүндө жакшы ремонт болгон эмес. Эски бөлүгүнө 880 миллион сом бөлүнгөн, бирок ага айнек да тагылган эмес. ЖЭБди оңдоо иштери Жээнбеков премьер кезинде болгон. Бирок аварияга Сапар Исаковду күнөөлөп коюшту. Бирок ал күнөөлүү эмес, ал үчүн башка кишилер жооп бериши керек", деди экс-президент.

Экс-президент быйыл жаздан бери маалымат каражаттарына маек бере элек болчу.

Азыркы президент Сооронбай Жээнбеков жана анын аппараты Атамбаевдин соңку билдирүүсүнө байланыштуу азырынча үн ката элек.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков "24 kg" маалымат агенттигине берген маегинде Атамбаев аны башкарууга аракет кылды деп күнөөлөгөн эле.

“Мен эч качан аны менен мамилем бузулганын айткан эмесмин. Ооба, биз узак убакыт бою партиялаш жана үзөңгүлөш болгонбуз. Бирок ал үчүнчү кишилер аркылуу мени жетеленме жетекчи кылгысы келгени, менин аракеттеримди башкарып тургусу келгени – адам катары да, экс-президент катары да, партиялаш катары да ага абийир алып келбейт. Мага анын бул аракеттери таптакыр түшүнүксүз болчу. Ал мени “досум”, “партиялашым” деп көп айтат, бирок чыныгы достор андай кылбайт. Мен мактангым келбейт, бирок кыйын мезгилдерде, керек болсо андан баары качып кеткен кезде да дайыма анын жанында болгом. Үй-бүлөмө, жакындарыма коркунуч туулганда да Атамбаевди колдоп жүргөм. Азыр анын политтехнологдору мени "саткын" деп атап жүрүшөт. Бирок кимдин ким экенин убакыт көрсөтөт”, деген Сооронбай Жээнбеков.

Алмазбек Атамбаев 2011-2017-жылдары өлкөнү башкарган Кыргызстандын төртүнчү президенти. Ал былтыркы президенттик шайлоо учурунда азыркы президент Сооронбай Жээнбековду колдогон. Бирок эки саясий өнөктөштүн мамилеси быйыл жыл башынан тарта бузула баштаган. Акыркы маектеринде Атамбаев менен Жээнбеков бири-бирин сындашты. (EBM)

XS
SM
MD
LG