Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 13:54

Алмазбек Атамбаев: Текебаевди каматпай деле койсом болмок... (видео)


Өмүрбек Текебаев.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалындагы маегинде камактагы "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев тууралуу суроого жооп берди.

"Текебаевге байланыштуу мыйзамды карабай деле койсом болмок экенин мойнума алам... Мыйзам боюнча ал жерде баары далилденген, Текебаевдин деле тарапкерлери ошол миллион тууралуу сөз кылышкан. Бирок мен андай кылбай деле койсом болмок экен. Мен күч органдарына баарын мыйзам чегинде жасагыла деп талап койчумун", деди Атамбаев.



"Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев жана анын партиялашы, мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов "Коррупция" беренеси менен айыпталып, былтыр февраль айында камалган. Аларга "орус жараны Леонид Маевскийден 1 миллион доллар пара алган" деген айып тагылган. Сот экөөнү тең сегиз жылга эркинен ажыраткан. Саясатчылар айып-дооматтын баарын четке кагып, саясий куугунтуктун курмандыгы экенин айтып келишет.

Өткөн аптада Маевский "бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбаш үчүн жабырлануучулардан ири суммадагы акча талап кылган" деген айып менен камакка алынды. Азыр "атамекенчилер" жана айрым саясатчылар Текебавдин иши кайра каралышы керектигин айтып жатат. (EBM)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG