Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Атамбаев: Журналисттерди сотко берүүдө эмоцияга алдыргам (видео)


Алмазбек Атамбаев.
Алмазбек Атамбаев.

Экс-президент Алмазбек Атамбаев бийликте турган кезинде журналисттерди сотко бергенине өкүнөөрүн билдирди. Бирок массалык маалымат каражаттарына жарыяланган кабарлар жубайы Раиса Атамбаевага катуу тийип, саламаттыгына терс таасир эткенин белгиледи.

- Ушакты ойлоп тапкандарды жана ар кандай маалымат жыйындарда жайылткандарды гана сотко берсек болмок. Президент катары журналисттерге туура эмес кылгандырмын. Анткени азыр карасам, чындыкты жазгандардын оозун жапканга курал кылып алышты. Бирок ошол маалда "Азаттык", "Заноза" ушакты чоң кошул-ташыл менен таратышкан. Мен "Азаттык", "Заноза", Жакыпова боюнча доодон баш тарттым. Балким туура эмес кылганмын. Мен эмоцияга алдырбашым керек эле.

2017-жылы Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча башкы прокурордун арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан эле жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Ушундай эле айыптоо менен укук коргоочу, экс-депутат Чолпон Жакупова 3 миллион сомго, “Ата Мекен” партиясынын юристтери 10 миллион сом айыпка жыгылган.

Экс-президент айрым доолордон президент болуп турганда, башкаларынан кызматтан кеткенден кийин гана баш тарткан. (TSh) ​

XS
SM
MD
LG