Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:12

Путин менен Эрдоган “Түрк агымы” газ куурунун бөлүгү бүтүшүн белгилешти


Путин жана Эрдоган Стамбулдагы салтанатта. 19-ноябрь, 2018-жыл.
Путин жана Эрдоган Стамбулдагы салтанатта. 19-ноябрь, 2018-жыл.

Орусия жана Түркия президенттери дүйшөмбүдө “Түрк агымы” газ куурунун Кара деңиздин түбү аркылуу өтүүчү бөлүгүнүн курулушу аяктаганын белгилешти.

Президент Режеп Тайып Эрдоган 19-ноябрда Стамбулдагы салтанатта билдиргендей, “Түрк агымы” кууру толук кубаттуулукта иштей баштаганда Орусиядан Түркияга жылына 31,5 миллиард кубметр газ өткөрө алат.

Бул көлөмдөгү көгүлтүр оттун кеминде жарымы Европанын базарларына сатылмакчы.

Эми, Эрдогандын айтымында, “Түрк агымы” газ куурунун кургактагы бөлүгү төшөлүп, анын курулушу 2019-жылы аяктоосу керек.

Путин болсо өз сөзүндө жаңы газ кууру Европанын энергия коопсуздугун кепилдейт, “кимдир бирөөнүн кызыкчылыгына каршы багытталган эмес”, - деп ырастады.

“Түрк агымы” - Орусиянын көгүлтүр отту Европага Украинаны айланып өтүп, жеткирүүнү көздөгөн долбоорлорунун бири.

Европа учурда көгүлтүр отко болгон муктаждыгынын 40%га жакынын Орусиядан алат. Түркия болсо энергияга муктаждыгында толугу менен импортко көз каранды. (UE)

XS
SM
MD
LG