Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:29

Байсалов: Атамбаев элди экиге бөлгүсү келип атат

Эдил Байсалов.
Эдил Байсалов.

Коомдук ишмер Эдил Байсалов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин азыркы бийлик тууралуу айткандарын сындады. Ал "Азаттык" радиосуна мындай пикирин билдирди:

- Бул кишинин "бакиевдер" деп айтып жатканынан кыргызды экиге бөлүп, бири-бирибизге тукуруп, түндүк-түштүк корунучун кыларын көрүшүбүз керек. Атамбаевдин жалгыз ою биримдигибизге залака келтирүүдө деп түшүнсөк болот.

Быйыл жаздан бери маалымат каражаттарынын суроолоруна жооп бербей келаткан экс-президент Алмазбек Атамбаев 19-ноябрда "Апрель ТВ" каналына маек куруп, азыркы бийликти Бакиевдин жолуна түштү деп айыптады. Атамбаевдин айткандары боюнча Жээнбековдун командасы жана президенттин аппараты комментарий бере элек. (TSh)

XS
SM
MD
LG