Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:12

Карамушкина: Атамбаев менен иштегиси келбегендер партиядан чыксын


Ирина Карамушкина.
Ирина Карамушкина.

КСДП экс-президент Алмазбек Атамбаев менен иштөөнү каалабаган парламенттеги фракция мүчөлөрүнө партиядан чыгууну сунуш кылат. Бул тууралуу партиянын төрагасынын орун басары, Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, бөлүнүп-жарылууга байланыштуу КСДПны мындан ары өнүктүрүүгө мүмкүн болбой калды. Фракциянын Иса Өмүркуловду катардан чыгаруу боюнча саясий кеңештин чечимин аткарбай койгону ажырымдын акыркы чеги болду.

- Партиядагы ажырым мындан ары да уланат, - деди ал. - Сооронбай Шарипович биринчи болуп кандайдыр бир кадам жасашы күмөн. Ал Алмазбек Шаршеновичтин көптөгөн билдирүүлөрүнө таарынган болушу мүмкүн. Ажырым болот. Бүгүн мен фракциянын көп мүчөлөрүнө Атамбаев башында турган КСДПда иштөөнү каалабаса, ачык айтып эле, партиядан чыгуу тууралуу арыз жазууну сунуш кылам. Азыр Жээнбеков менен анын командасына жаңы партия түзүп, шайлоого барышына эч ким жолтоо болгон жок. Менимче, Атамбаевдин кечээги маеги саясат мурдагы партиялаштарды эки башка жолго салганын далилдеди. Биринчиден, КСДП фракциясынын депутаттары партиянын шарапаты менен депутат болушту. Эл Иса Өмүркуловго, Дастан Бекешевге, Асылбек Жээнбековго же Ирина Карамушкинага добуш берген жок. Ошондуктан иштегиси келбегендер партиядан чыгышы керек. Анткени алар партияны өнүктүрүүгө тоскоол гана болушат.

31-октябрда КСДПнын саясий кеңеши Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алган. Ошондой эле партиянын парламенттеги фракциясынын депутаттарына Иса Өмүркуловду бул кызматтан алуу тууралуу сунуш киргизилген. Өмүркулов өзү бул чечимди легитимсиз деп баалап, аны мүчөлүктөн чыгарган адамдарды “чыккынчылар” деп атаган.

16-ноябрдагы фракция жыйынында Карамушкина Иса Өмүркуловду партиядан чыгаруу жөнүндө саясий кеңештин чечимин жыйындын күн тартибине киргизүүнү өтүнгөн. Өмүркулов бул сунушту канааттандыруудан баш тарткан.

XS
SM
MD
LG