Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:29

Таласта Акыйкатчыга кайрылгандар азайды


Талас.
Талас.

Таласта жардам сурап акыйкатчыга кайрылгандар азайды. Акыйкатчы институтунун аймактагы өкүлчүлүгүнө быйыл тогуз айда 48 адам арызданса, былтыр ушул мезгилде 57 жаран кайрылган. Ал эми оозеки түрдө быйыл 161 жаран, былтыр 181 киши даттанган. Бул тууралуу "Азаттыкка" Акыйкатчы институтунун Таластагы өкүлү Жакшыгүл Узакбаева Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары тууралуу жалпы декларациясы кабыл алынгандыгынын 70 жылдыгына карата уюштурулган жыйында билдирди. Бирок кайрылгандардын азайышына эмне себеп болгону айтылган жок.

Маалыматка ылайык, кайрылгандардын көбү сот отурумдарына катыша албаганына жана өз убагында берилбеген пенсияга нааразы болушат. Андан тышкары, ички иштер органдарына каршы даттанышат.

Таласта Бириккен Улуттар Уюму тарабынан 1948-жылы кабыл алынган Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 70 жылдыгына арналган бир айлык акция өтүп жатат. Анын алкагында студенттерине адам укуктары тууралуу маалыматтар берилүүдө. (AlS)

XS
SM
MD
LG