Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:27

Евробиримдик Борбор Азия менен кызматташтыкты жандантат


Федерика Могерини.
Федерика Могерини.

Европа Биримдигинин тышкы иштер министрлери 19-ноябрда Брюселлде жолугуп, Борбор Азия менен мамиле жана кызматташуу маселесин талкуулашты. Альянстын тышкы саясат боюнча жетекчиси Федерика Могерини журналисттерге билдиргендей, биримдиктин курамындагы мамлекеттер Борбор Азияга байланыштуу даярдалып жаткан стратегияны колдоп жатышат.

- Европа Биримдиги менен Борбор Азиянын ортосундагы мамилелер боюнча стратегиянын анык максаттарын иштеп чыгуу жаатында иш уланууда. Бул жараян уланып жаткандыктан, кандай натыйжалар болорун азырынча айтууга эрте. Бирок бүгүн мен биримдиктин курамындагы өлкөлөрдүн баары Борбор Азия менен кызматташууну каалай тургандыгына ынандым. Бул кызматташтык көйгөйлөргө гана көңүл бурууга эмес, чөлкөмдөгү ички кызматташууну да колдоого багытталат, - деди Могерини.

Анын айтымында, 23-ноябрда Брюселде Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлери менен жолугушуу болот.

XS
SM
MD
LG