Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Сариев президенттин мурдагы бийлик өкүлдөрү менен жолугушуусун кубаттады


Сооронбай Жээнбековдун аймактарга жасаган сапары учурунда тартылган сүрөт. Ортодо Темир Сариев.
Сооронбай Жээнбековдун аймактарга жасаган сапары учурунда тартылган сүрөт. Ортодо Темир Сариев.

Мурдагы премьер-министр Темир Сариев президент Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин экс-төрагаларынын жана мурдагы өкмөт башчыларынын жолугушуусун кубаттап, муну кыргыз саясатындагы жаңылык катары сыпаттады.

- Мурда мындай маданият жок эле. Жогорку кызматтан кеткендердин баарын эле убагында бийлик душман катары көрө берчү. Бүгүнкү саясатта жаңылык болуп жатат. Муну жолугушууга баргандардын баары айтты, - деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн мурдагы башчылары менен жолукту.

Сариевдин айтымында, жыйында Кыргызстандагы бүгүнкү коомдук-саясий абал, камактагы саясатчылардын жагдайы, сот реформасы, эл аралык кызматташтык, калктын турмушун жакшыртуу жана коррупцияга каршы күрөштөгү багыт талкууланды.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү тараткан кабарга ылайык, жыйында Жээнбеков Кыргызстандын саясий элита өкүлдөрү бирин бири сыйлаганды жана укканды үйрөнүшү керек экенин билдирди. Ошондой эле ал өлкөнү өнүктүрүүдө бийлик башында мурда иштегендердин да вазийпасы бар экенин айтты.

Жолугушууга мурда спикер болгон 12 киши, премьерлик кызматты аркалаган тогуз адам катышты.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлдөрү "Азаттыкка" Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде өкмөт башчы болуп иштеген, Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жыйынга чакырылбаганын кабарлашты. Ошондой эле президенттин бир тууганы, парламенттин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков да жыйынга катышкан жок.

Атамбаев аталган партиянын лидери. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG