Линктер

шаршемби, 12-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 02:29

Депутаттар Аба кодексине сунушталган өзгөртүүлөрдү колдоду


"Манас" эл аралык аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш комитети бүгүн, 20-ноябрда Аба кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорун карап, экинчи окууда жактырды.

Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, мыйзам долбоорун КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев баштаган топ өкмөт менен чогуу иштеп чыккан.

Нурбаев жыйында документте «Ачык асман» долбоорун ишке ашыруу маселеси камтылганын, ал жарандык авиациянын өнүгүшүнө залака тийгизбей турганын билдирди.

Кыргыз өкмөтү ушу тапта “Ачык асман” долбоорун жүзөгө ашырууга умтулууда. Жергиликтүү авиакомпаниялар аталган долбоор ишке кирсе "банкрот болобуз" деп кооптонуп жатышат. Кыргызстандык авиакомпаниялар Евробиримдиктин “кара тизмесинен” 2006-жылдан бери чыга элек. Кыргызстанда аба каттамы аркылуу бир жылда 2 миллион киши каттайт.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG