Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:25

Чолпонбаев: Президент абактагы саясатчыларга мунапыс болорун айтты


Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду коргоо акциясы. 2017-жыл.
Өмүрбек Текебаевди жана Дүйшөнкул Чотоновду коргоо акциясы. 2017-жыл.

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн мурдагы башчыларынын жолугушуусунда камактагы саясатчылардын маселеси көтөрүлүп, аларга мунапыс берүү жөнүндө кеп болду. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев айтты:

- Камактагылардын маселесин биринчи Медеткан Шеримкулов, андан соң Абдыганы Эркебаев көтөрдү, дагы бир топ адам сүйлөдү. Ага жооп катары "жакында мунапыс чыгат" деп айтылды. Качан экени беймаалым. Бул мамлекеттин кызыкчылыгы жана ынтымагы үчүн. Президент буга макул экенин айтып, иш жүрүп жатканын белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков 20-ноябрда Жогорку Кеңештин жана өкмөттүн мурдагы башчылары менен жолукту. Ага мурда спикер болгон 12 киши, премьерлик кызматты аркалаган тогуз адам катышты.

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) өкүлү Кундуз Жолдубаева "Азаттыкка" Курманбек Бакиев президент болуп турган кезде өкмөт башчы болуп иштеген, Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев жыйынга чакырылбаганын билдирди. Атамбаев бул партиянын лидери.

Ошондой эле президенттин бир тууганы, парламенттин мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков да жыйынга катышкан жок.

Учурда Өмүрбек Текебаев, Бектур Асанов, Садыр Жапаров, Дүйшөнкул Чотонов баштаган бир канча саясатчы ар кандай айыптар менен камакта отурат.

Буга чейин Саясий туткундарды коргоо боюнча коомдук комитет 2014-жылдан бери кармалып, камакка алынган жана соттолгон саясатчылардын, жарандык активисттердин саны отузга чукулдап калганын жарыялаган. Комитет бул иштер саясий себептер менен козголуп, мыйзамсыз сот өкүмдөрү чыккан деп эсептейт. (SE)

XS
SM
MD
LG