Канаданын Калгари шаарынын жетекчилиги 2026-жылы Кышкы Олимпиаданы жана Паралимпиаданы өткөрүү боюнча сунушту колдогон жок. Бул тууралуу "Associated Press" агенттиги кабарлады. Буга чейин референдумга катышкан шаардыктардын 56% Калгариде кышкы оюндарды өткөрүүгө каршы чыккан.
Шаар мэри Нахид Ненши референдумдан жыйынтыгына капа болуп турганын билдирди. Анын айтымында, шаар Эл аралык олимпиада комитетине арыз берерден мурун эки жыл катуу даярданган. Ошондой эле Калгари 700 миллион долларлык инвестициядан куру калат.
Калгари Кышкы олимпиада оюндарын 1988-жылы өткөргөн.
Эл аралык олимпиада комитети 2026-жылкы дүйнөлүк мелдешти кабыл алчу шаарды Лозаннада эмки жыйынында аныктайт. Талапкер катары Италиянын Милан жана Кортина-д'Ампеццо шаарлары, Швециянын баш калаасы Стокгольм аталып жатат.