Линктер

жекшемби, 16-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 05:26

Депутат Абжалиевдин агасы "Мегакомдон" кызматтан кетти


Иллюстрациялык сүрөт.

"Мегаком" деген соода маркасы катары белгилүү "Альфа-Телеком" акционердик коомунун логистика бөлүмүнүн башчысы болуп Жогорку Кеңештеги "Республика - Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин бир тууганы Ыктыярбек Абжалиев бүгүн, 20-ноябрда дайындалганы белгилүү болгон. Бирок "Азаттыктын" ишенимдүү булактары Ыктыярбек Абжалиев кызматтан өз арызы менен баш тартканын маалымдады.

Алиярбек Абжалиевдин айтымында, бир тууганы бажы кызматынын полковниги, экономист. Буга чейин бул тармакта көп жыл иштеген. Депутат агасы эч кандай тааныш-билиши жок, резюмесин жөнөтүп, мыйзамдуу түрдө ишке орношконун айткан эле.

Алиярбек Абжалиев - президент Сооронбай Жээнбековдун кудасы. Анын уулу Жээнбековдун кызына үйлөнгөнү маалым.

Буга чейин Сооронбай Жээнбеков Абжалиев менен куда-сөөк экенин ырастаган, бирок анын мамлекеттик иштерге, кадр маселесине киришкени тууралуу сөздөрдү четке каккан.

"Альфа-Телеком" акционердик коому Кыргызстандагы эң кирешелүү компания катары белгилүү. (TSh)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG