Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:03

Кыргызстанда жарандардын орточо жашоо узактыгы 71 жыл

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргызстанда акыркы он жылда адамдын жашоосунун узактыгы үч жылга көбөйүп, орто эсеп менен 71 жашты түзөрүн билдирди. Анын айтымында, өлкөдө акыркы он жылда ымыркайлардын жана балдардын өлүмү болжол менен 40% азайган. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

20-ноябрь дүйнөлүк балдар күнүндө вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова "Биринчи Демден" аттуу улуттук өнөктүктүн ачылышына катышкан. Анда Өмүрбекова кыргыз өкмөтү 2018-2028-жылдарга үй-бүлөнү жана балдарды коргоо боюнча программасы иштеп жатканын, ал үй-бүлө институтун бекемдөөгө, балдардын укугун камсыз кылууга багытталганын белгиледи.

Балдар күнү дүйнө жүзүндө 20-ноябрда белгиленет. 1989-жылы ушул күнү БУУнун Башкы Ассамблеясы Балдардын укуктары жөнүндөгү конвенцияны кабыл алган. (TSh)

XS
SM
MD
LG