Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш калаадагы абанын булганышы боюнча комплекстүү мамиле керек экенин билдирип, маселени чечиш үчүн тийиштүү органдарга тапшырма берди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкекте түзүлгөн экологиялык кырдаалга тынчсыздануу менен маселени жеке көзөмөлүнө алып, тийиштүү органдардан натыйжалуу сунуштарды талап кылды.
Өкмөт Бишкек аймагы табигый жол менен шамалдап турушу үчүн айрым жерлерде бийик имараттарды курууга тыюу салуу боюнча сунуштарды изилдейт.
Экологдор жылуулук сезону башталары менен шаарды кара түтүн каптап, абадагы булганыч заттардын көлөмү нормадан ашып түшкөнүн айтышууда. Баш калааны каптаган кара түтүн маселеси былтыр парламентте да көтөрүлгөн. Бирок аны чечүүнүн эч кандай жолу каралган эмес.
Калкынын саны 1,5 миллионго чукулдап калган Бишкектин жашоочуларынын көбү азыр көмүр жагып отурат. Мындан тышкары менчик мончолор да бар. Адистер автоунаалардан бөлүнүп чыккан ыш да шаарды булгап жатканын белгилешет. (TSh)