Линктер

дүйшөмбү, 10-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 15:41

Депутат Бишкек мэрин сындады


Азиз Суракматов.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Канат Мурзалиев 20-ноябрда өткөн жыйында түштүк магистралда салынган велосипед жолу боюнча мэр Азиз Суракматовду сындады:

- Эмнеге бала бакчалардагы чатырларды жана жылуулук системасын оңдоого балдардын ата-энесинен акча чогултушубуз керек? Менин оюмча биринчи орунда социалдык мекемелерди каржылоо зарыл. Кышында кереги жок нерселерди жасап жатабыз. Мэр кайсы каражаттын негизинде велосипед жолу салынганын айтсын. Мен бул мэрди пиар кылуу үчүн эле жасалды деп ойлойм.

Депутаттын мындай сынына шаар башчы Азиз Суракматовдун ордуна вице-мэр Алмаз Бакетаев сөз болуп жаткан долбоор веложол эле эмес, тротуарды да камтый турганын белгилеп, ага 70 млн. сом кеткенин билдирди.

Бишкекте Түштүк магистралдагы Садырбаев көчөсүнөн башталган тротуар жана велосипед жолу Рысмендеев көчөсүнө чейин барат. Жалпы узундугу үч жарым чакырымды, туурасы бир жарым метрди түзгөн жолдун курулушу ноябрь айында бүткөн. (ТСГ)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG