Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:14

Коомдук каналдын айдоочулары иш таштады


КТРКнын имараты.
КТРКнын имараты.

Коомдук телерадиокорпорациянын (КТРК) айдоочулары бүгүн, 21-ноябрда иш таштады.

Бул тууралуу иш таштагандардын бири, коомдук каналдын айдоочусу Арсланбек Курманов "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, нааразылык КТРКнын Автотранспорт цехинин жетекчиси Рерих Абакировдун иштен алынганына байланыштуу чыккан. Нааразы тарап каналдын жетекчилиги аны негизсиз эле жумуштан алганын айтып жатат:

- Эч кандай себеби жок эле эртең менен жумушка келсек цехке башка киши жетекчи болуп калыптыр. "Биз аны менен иштеше албайбыз, бизге мурдагы башчыбыздын болгону жакшы" деп, гаражда (Автотранспорт цехинде) иш таштадык. Жаңы жетекчини тааныбайбыз, билбейбиз. Мурдагы жетекчибиз менен тогуз жылдан бери жакшы иштешип атканбыз.

КТРКнын жетекчилиги айдоочулардын нааразылыгы тууралуу азырынча комментарий бере элек. Мекемеде жалпысынан 48 айдоочу иштейт. (NT)

XS
SM
MD
LG