Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Февраль, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 12:43

«Жүк 200» боюнча өкмөттүк жөлөкпул 6 миллион 350 миң сомду түздү


Москва.

Кыргызстандын Мамлекеттик миграция кызматы 1-июндан тартып жаңы токтомго ылайык чет жакта каза болгон 127 жарандын сөөгүн алып келүү боюнча алардын үй-бүлөлөрүнө жардам катары 50 миң сомдон жөлөкпул берди. «Жүк 200» боюнча өкмөттүк жөлөкпулдун жалпы суммасы 6 миллион 350 миң сомду түздү.

Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын маалыматтык борборунун жетекчисинин орун басары Алмаз Алыбаев билдирди.

Анын маалыматына ылайык эки кайрылуу боюнча комиссия жөлөкпул чегербөө тууралуу чечим чыгарган. Биринчисинде каза болгон адам Орусиянын жарандыгын алганы аныкталган. Экинчисинде жөлөкпул алууга арыз жаңы токтомдо көрсөтүлгөн 3 айлык мөөнөттө тапшырылбай калган.

Кыргыз өкмөтү 2018-жылы кабыл алынган №236 токтомго ылайык чет өлкөдө каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүүгө 50 миң сомдон жардам бөлүп жатат. Мындай жөлөкпулду адамдын каза болгонун тастыктаган расмий маалымдама, паспорт жана тууганчылыгын аныктаган документ менен алууга болот. Мындан тышкары, жаңы токтомдун шарты боюнча чет жакта каза болгондордун жакындары үч айлык мөөнөткө жеткирбей бул төлөмгө документ тапшырышы керек.

2011-жылы кабыл алынган токтомго ылайык чет өлкөдө каза болгондордун сөөгүн мекенине жеткирүүгө каражат жол чыгымдарын тастыктаган документтер менен эмгек мигранттарына гана берилип келген. (LzT)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG