Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Февраль, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

22-ноябрдын аба ырайы тууралуу маалымат


Кыргызстан.

Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 22-ноябрда күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Чүй, Талас облустарынын тоолуу райондоруна да кар түшөт.

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорун туман каптайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрден, Нарын облусунда жана Ысык-Көлдө 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Суусамырда түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8;

Таласта түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8;

Баткенде түнкүсүн -3…+2, күндүз 5…10;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -3…+2, күндүз 4…9;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1…-6, күндүз 4…9;

Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…5;

Бийик тоолордо түнкүсүн -17…-22, күндүз -5…-10 градуска чейин төмөндөйт.

Бишкекте 22-ноябрда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз 6…8 градуска чейин жылыйт.

XS
SM
MD
LG