Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:17

Султан Ибраимовго "Кыргыз Республикасынын баатыры" наамы берилет


Султан Ибраимов.
Султан Ибраимов.

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Султан Ибраимов "Кыргыз Республикасынын баатыры" деген ардактуу наамга татыктуу. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 21-ноябрда Бишкекте Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлагандай, Жээнбеков тиешелүү жарлыкка кол койгонго даяр экенин айтты. Ал Ибраимовго бул наамды ыйгарууну туура деп эсептей турганын, бирок бул үчүн парламент 2017-жылы кабыл алынган мыйзамга өзгөртүү киргизиши керек экенин белгиледи. Президент Ибраимовго ардактуу наам берүү үчүн мыйзамды кабыл алып берүүнү Жогорку Кеңештен өтүнөрүн кошумчалады.

Султан Ибраимовдун 90 жылдыгына арналган салтанат Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү. Филармониянын кире беришинде Ибраимовдун өмүр баяны менен эмгек жолуна арналган көргөзмө уюштурулуп, театралдаштырылган концерт болду.

Султан Ибраимов 1927-жылы Чүй облусунун Алчалуу айылында туулган. 1960-жылдардын башынан тартып 20 жыл бою мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген. Аны 1980-жылдын 4-декабрында Чолпон-Атадагы мамлекеттик дачада атып кетишкен.

XS
SM
MD
LG