Ооган бийлиги Кабулдагы кол салуунун артында тургандарды аныктоо аракетин көрүп жатат. Кеминде 55 кишинин өмүрү кыйылган жардыруу диниятчылардын жыйыны өтүп жаткан чакта болгон.
Шейшемби күнү Уламалар кеңеши Мухамед пайгамбардын туулган күнүн белгилөө үчүн Ооганстандын булуң-бурчунан суннилердин диний аалымдарын Кабулга чакырган.
Бүгүнкү күнгө карай айтылган маалыматка ылайык, бери дегенде 55 киши каза таап, дагы бир топ киши жарадар болду. Коопсуздук органдары бул кандуу терактты ким уюштурганын аныктоо менен алек.
"Талибан" кыймылы жана "Ислам мамлекети" экстремисттик уюмунун согушкерлери суннилерди бутага алган учурлар Ооганстанда көп кездешет. Бул ирет талибдер Кабулдагы кол салууга тиешеси жоктугун дароо билдиришти.
Кыймылдын маалымат катчысы Забихулла Мужахид 20-ноябрдын кечинде "Талибан" карапайым кишилерге же диниятчыларга каршы "чабуулдарды айыптайт" деп билдирди.
Ооган президенти Ашраф Гани 21-ноябрда өлкө боюнча аза күтүү жарыялады.
АКШнын Кабулдагы элчиси Жон Басс “терактка кайгырып турганын” "Твиттерге" жазды.
Улуттар Уюмунун Ооганстандагы миссиясы “өлкөдөгү жамааттар ушундай маанилүү диний майрамды белгилеп жатканда жардыруу уюштуруу абдан өкүнүчтүү" деп билдирди.
НАТО согуштук операцияларды расмий аяктаган 2014-жылдан бери ооган жергесиндеги коопсуздук начарлап жатат.