Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:38

Тарыхый мекенине кайтып келген 331 кыргыз жарандык алды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Кыргызстандын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө жарлыгына ылайык, чет жакта жашап жүрүп, тарыхый мекенине кайткан 331 кыргыз өлкө жарандыгын алды.

Жарандык алгандардын 286сы чоң кишилер болсо, 45и балдар. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады.

Мындан сырткары президенттин жарандыктан чыгаруу жарлыгына ылайык, 364 адам Кыргызстандын жарандыгынан чыгарылды. Алардын 305и чоң киши болсо, 59у балдар. (TSh)

XS
SM
MD
LG