Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:33

Каптагаев: Жээнбеков менен Атамбаев айтышты токтотушу керек (видео)


Эмилбек Каптагаев.
Эмилбек Каптагаев.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев “Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолор” телеберүүсүндө президент Сооронбай Жээнбеков менен мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бири-бирине жооп бергенди токтотушу керек деген пикирин билдирди.

- Азыр мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн азыркы жана мурдагы президенттер бири-бирине жооп бергенди токтотушу керек. Кимдин ким экени сөз менен эмес, иш менен далилдениши керек. Мамлекеттик кызыкчылык азыр ушуну талап кылат.

«Ыңгайсыз суроолор»: Президент экстерди чогултту: кийинки кадам кандай? 21.11.2018-ж.

Соңку апталарда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен президент Сооронбай Жээнбеков акыркы бир жылдагы алгачкы интервьюларын беришти. Жээнбеков Атамбаевди "мени жетеленме саясатчыга айлантууга аракет кылды" деп ачык сындаса, экс-президент учурдагы президентти Бакиевдердин жолуна түштү деп ачык оппозицияга өткөнүн жарыялаган. (TSh)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG