Линктер

ишемби, 15-декабрь, 2018 Бишкек убактысы 09:01

Ооганстанда "Талибан" менен кармаштарда он чакты киши өлдү


Ооганстандын улуттук армиясынын жоокерлери.

“Талибан” өлкөнүн түндүк-батышында ооган коопсуздук күчтөрүнүн кербенине чабуул коюп, андан төрт жоокер каза тапты. Андан тышкары дагы жети аскер жарадар болгон. Бул тууралуу 22-ноябрда Ооганстандын расмий адамдары кабарлашты.

Ал эми Лагор провинциясындагы “Талибанга” каршы аскердик операция учурунда ооган атайын кызматтары НАТОдон абадан чабуул коюуну өтүнгөн. Аймактын башчысы Мухаммад Насир Гират бул аба чабуулунан 10 киши өлгөнүн айтып, бирок анын канчасы карапайым адам экенин тактаган жок. Губернатордун өкүлү Логар Халид Сафай иликтөө жүрүп жатканын кабарлады. НАТО аба чабуулдарына дароо комментарий бербейт.

Акыркы кезде чабуулдарын күчөткөн талибдер Ооганстандын аскер күчтөрүнө дээрлик күн сайын кол салып жатат. Президент Ашраф Гани өткөн жумада 2015-жылдан берки уруштарда 29 миңдей жоокер мерт болгонун кабарлаган.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG