Ак-Суу райондук прокурорунун орун басары Уланбек Сулайманов "Азаттыкка" билдиргендей, 21-ноябрда бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 305-1-беренесинин 3-бөлүмүнүн 5-пункту ("Кыйноо, оор кесепеттерге кептөө, ошого тете саламаттыгына оор залал келтирүү же байкабастыктан өлүмгө алып келүү") менен кылмыш иши козголду.
Учурда материалдар Ысык-Көл облустук прокуратурасына жиберилди.
Ак-Суу районунун Бөрү-Баш айылынын 18 жаштагы тургуну Эрмек Касымов 22-октябрда асынып алган. Атасы аны милиция кызматкерлери катуу кыйноого алганын айтып чыккан.
Эрмекти милиция кызматкерлери Бөрү-Баш айылында "мал уурдаган" деген шек менен кармаган. Милиция "ал кой уурдап, сатып, сүйлөшкөн кызына телефон алып берген" деп эсептейт.
Уландын өлүмүнүн чоо-жайын атайын түзүлгөн комиссия иликтеп, облустук прокуратура да текшере баштаган. (AsM)