Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:05

Бурулайдын өлүмү боюнча сотто милициялар сурак беришүүдө


Маркум Бурулай Турдаалы кызы. Сүрөттөр анын жеке архивинен алынды.
Маркум Бурулай Турдаалы кызы. Сүрөттөр анын жеке архивинен алынды.

Жайыл райондук милиция бөлүмүндө киши колдуу болгон Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча иш Бишкектин Свердлов райондук сотунда каралып жатат. Сотко катышып жаткан кабарчыбыздын айтымында, отурумда милиция кызматкерлери сурак беришүүдө.

Нөөмөттөгү кызматкердин жардамчысы Нуржигит Эсенкулов үч саатка уктоого уруксат берилгендиктен, кылмыш болгон маалда уктап жатканын айтты. Ал ошондой эле Бурулай кылмыш болгон күнү ызы-чуусуз, бөлүмгө бутунда бут кийими жок келгенин билдирди. Эсенкулов бычакты да ал тапканын кошумчалады.

Бурулайдын иши боюнча сот сентябрда башталган. Алгачкы отурумдарда күбөлөр, Бурулайдын жакындары көрсөтмө беришкен. Акыркы жолу, 13-ноябрда айыпталуучунун адвокаты келбей калган.

Бурулай Турдаалы кызы быйыл 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө өлтүрүлгөн. Чүй облустук ички иштер башкармалыгы аны ала качып бараткан жигит кармалгандан кийин милиция бөлүмүндө кызды бычактап, өзүнө да кол салганын билдирген.

Шектүү катары кармалган Марс Бөдөшевге Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси («Киши өлтүрүү») менен иш козголгон. Кийинчерээк Бөдөшевдин досу да кармалган. (AiA\ErN)

XS
SM
MD
LG