Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:09

Сурамжылоо: Орусияда Путиндин рейтинги 60 пайыздан ылдыйлады


Владимир Путин.
Владимир Путин.

"Левада-борбордун" соңку сурамжылоосу Орусиянын президенти Владимир Путиндин рейтинги акыркы беш жылда биринчи жолу 60 пайыздан төмөндөгөнүн көргөзгөн. Сурамжылоого катышкандардын 56 пайызы гана 2024-жылы боло турган шайлоодо Путинге добуш бере турганын айтышкан. Бул бир жыл мурда суралгандардан 10 пайызга аз.

"Левада-борбордун" маалыматына караганда, 2013-жылы да Путинди колдогондордун саны 60 пайыздан ылдый болгон.

Владимир Путин Орусияны президент жана премьер-министр катары 1999-жылдан бери башкарып келе жатат. Ал быйыл 7-майда жаңы алты жылдык мөөнөткө кызматка киришкен. Эл аралык байкоочулар добуш берүү мыйзам бузуу менен өткөнүн билдиришкен.

Буга чейинки сурамжылоолор бийликтин пенсия курагын көтөрүү демилгеси Владимир Путиндин кадыр-баркын ылдыйлатканын көрсөткөн.

XS
SM
MD
LG