Индиянын Махараштра штатынын оң миңдеген малчылары менен дыйкандары 22-ноябрда Мумбайда нааразылык жүрүшүнө чыгышты. Алар насыяны кечип, токойдун жерин айыл чарбасына берүүнү талап кылып жатышат. Буга алар кургакчылыктан улам түшүм болбой жатканын жүйө келтиришүүдө. Ошондой эле дан, сүт жана башка айыл чарба азыктарынын баасын көтөрүү талаптары да бар.
Мындай ири акциялар март айында да өткөн. Бийлик анда маселени алты айда чечүүгө убада берген. Ага чейин былтыр Махараштрада айыл чарба багытында берилген насыянын 5 млрд. долларга жакыны кечилген. Бирок нааразылык толкунун баштап жүргөндөр бул жетишсиз деп эсептешет. Алар бийлик дагы алты ай ичинде маселени чечиши керек, болбосо эмдиги жылдагы парламенттик шайлоого мунун кесепети тиет деп жатышат.
2014-жылкы шайлоодо премьер-министр Нарендра Модинин партиясы дыйкандардын жана малчылардын колдоосу менен жеңген болчу.