Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:56

Евробиримдик менен Лондон Брекзиттен кийинки кызматташтыкты макулдашты


Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск.
Британиянын премьер-министри Тереза Мэй менен Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Лондон Еврошаркет менен Брекзиттен кийинки байланыштардын долбоорун макулдашканын ырастады. Ал муну парламенттеги сөзүндө "туура келишим" деп атады.

Буга чейин Евробиримдик менен Лондон Брекзиттен кийинки кызматташтык тууралуу саясий декларациянын долбоорун макулдашканын Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск да кабарлаган. Эми документти уюмдун Улуу Британиядан башка 27 мүчөсүнүн лидерлери бекитиши керек. Бул маселени Европа мамлекеттеринин башчылары ушул жекшемби күнү Брюсселдеги саммитте талкуулайт. Анда негизинен талаштуу соода алакасы жана коопсуздук тууралуу маселелер камтылган. Документте айтылгандай, өткөөл убакыт бир жылдан эки жылга чейинки мезгилди камтышы мүмкүн.

Лондон кийинки жылдын мартында Европа Биримдигинен чыгат. Тереза Мэйдин өкмөтү даярдаган долбоор Британиянын өзүндө саясий кризис жаратып, бир канча министр кызматтан кеткен.

Парламент ал документти ийгиликсиз деп баалап, аны чакыртып алууну сунуш кылган. Бирок Тереза Мэй ал өлкөнүн кызыкчылыгына жооп берет деп эсептейт.

2016-жылдагы референдумда британиялыктардын көбү Еврошаркеттен чыгууну колдошкон. Британия ЕБга 1973-жылы кошулган жана андан чыкса уюмду таштап кеткен биринчи мамлекет болуп калат.

XS
SM
MD
LG