Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:27

Грузияда Саакашвилини сыртынан соттогон өкүм күчүндө калды


Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.
Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвили.

Тбилисинин апелляциялык соту Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилини "2005-жылы экс-депутат жана ишкер Валерий Гелашвилини сабоого буйрук берген" деп таап, сыртынан алты жылга кескен биринчи баскычтагы соттун өкүмүн күчүндө калтырды.

Прокурор Арчил Ткешелашвили билдиргендей, 22-ноябрдагы сот отурумунда судья мамлекеттик айыптоочунун Саакашвилинин жазасын күчөтүү боюнча өтүнүчтү канааттандырган жок, бирок мурдагы өкүмдү күчүндө калтырды. Ал эми экс-президенттин адвокаты бул иште Саакашвилинин күнөөсү жок экенин билдирүүдө.

Оппозициялык депутат Валерий Гелашвилини 2005-жылы Грузиянын борборунда сабап кетишкен. Тергөөнүн маалыматына караганда, кол салууну ошол учурдагы жогорку кызмат адамдары уюштурган. Ушул ишке байланыштуу Грузиянын мурдагы өкмөт башчысы жана ички иштер министри Вано Мерабишвили да соттолгон.

2003-жылы Грузиядагы "роза ыңкылабында" атагы чыккан Саакашвили өлкөнү 2013-жылга чейин башкарган. 2012-жылдагы парламенттик шайлоодо анын партиясы белгилүү грузин ишкери Бидзина Иванишвилинин "Грузин кыялы" партиясына утулуп калган. Ошентип ал Грузиядан президенттик ыйгарым укуктары аякташына аз күн калганда чыгып кеткен.

Украинанын президенти Петро Порошенко Саакашвилиге 2015-жылдын 30-майында жарандык берип, Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Бирок кийин Саакашвили украин президенти Петро Порошенко менен пикири келишпей, кызматынан баш тарткан.

Михаил Саакашвили быйыл февралда Киевдеги ресторандан кармалып, учакка күчтөп салынып, Польшага депортацияланган. Андан ары Голландияга барып, ошол жакта туруктуу жашоого уруксат алган.

Саакашвили Грузияда башка да иштер боюнча сыртынан соттолгон.

XS
SM
MD
LG