Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:19

Тарыхчынын мааракесине арналган илимий жыйын өтөт


Тарыхчы жана журналист Муратбек Кожобеков.
Тарыхчы жана журналист Муратбек Кожобеков.

Жума күнү (23-ноябрда) Бишкекте “Кыргыз каганатынын тарыхы жана кыргыз таануу маселелери” аттуу эл аралык илимий-тажрыйбалык жыйын өтүүдө. Ал эгемен Кыргызстанда алгачкы болуп Энесай Кыргыз каганатынын тарыхы боюнча кандидаттык диссертация жактаган белгилүү тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Муратбек Кожобековдун 60 жылдык торколуу тоюна арналган.

И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин башкы имаратында саат 10:00до баштала турган бул жыйындын материалдары алдын-ала жарыяланды. Анда Кыргызстандын тарыхчы илимпоздорунан тышкары америкалык, казакстандык, түркиялык, кытайлык, орусиялык чыгыш таануучулардын макалалары камтылган.

Илимий шеринени уюштурууга Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратына караштуу «Мурас» фонду, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, “Кыргыз Тарых Коому” эл аралык коомдук бирикмеси, Азамат Алтай атындагы эл аралык коомдук фонд жана башка шериктер салым кошту.

Тарыхчы жана журналист М.Ч.Кожобековдун 60 жылдык мааракесине арналган илимий жыйындын жыйнагынын мукабасы. 23.11.18.
Тарыхчы жана журналист М.Ч.Кожобековдун 60 жылдык мааракесине арналган илимий жыйындын жыйнагынын мукабасы. 23.11.18.

Маараке ээси Муратбек Чалаке уулу Кожобеков - Эл аралык Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин доценти. Ал 1958-жылы тогуздун айынын (октябрдын) 14үндө Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Панфилов районундагы Кум-Арык айылында туулган. Анын Энесай Кыргыз каганатынын тарыхына арналган диссертациялык жана башка илимий эмгектери постсоветтик кыргыз тарыхнаамасында барандуу орунду ээлейт. Аны илимий устаты, маркум профессор Өмүркул Караевдин (1930-2002) мектебинин өкүлү катары баалап келишет.

Мурат Кожобеков 1996-1999-жылдары “Азаттык” үналгысынын жергиликтүү кабарчысы болуп да иштеди. Кийинчерээк да бул үналгыда кыргыз тарыхына жана тарыхый окуяларды чагылдырууга арналган берүүлөрдү обого чыгарып жүрдү. Азамат Алтай атындагы эл аралык коомдук фондунун президенти Тойчубек Тургамбаевдин маалыматы боюнча, аталган фонд Кыргызстандагы демократиялык жүрүм жана сөз эркиндиги үчүн күрөшкө кошкон салымы үчүн Муратбек Кожобековду эстелик медалы менен сыйлоо тууралуу чечим кабыл алды.

XS
SM
MD
LG