Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:23

Депутат Финансы полициясы ишкерлерге кысым көрсөтүп жатканын айтты


Мирлан Жээнчороев.
Мирлан Жээнчороев.

22-ноябрдагы парламент жыйынында депутат Мирлан Жээнчороев өлкөнүн экономикалык коопсуздугун коргобой эле, ишкерлерге кысым көрсөтүп жатканы үчүн Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматты (Финансы полициясын) сындап чыкты.

Эл өкүлүнүн айтымында, парламентке көптөгөн ишкерлерден Финансы полициясына нааразы болгон кайрылуулар түшүп жатат.

Жээнчороев 2018-жылдын алгачкы жарым жылында өлкөнүн экономикасына түз инвестиция тартуунун көлөмү 33 пайызга төмөндөп кеткенин айтып, бул абалды жөнгө салуу зарыл экенин белгиледи. (Tsh)

XS
SM
MD
LG