Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:59

Соцфонд: иштеген алты адам беш пенсионерди каржылайт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Социалдык фонддун маалыматы боюнча пенсионерлердин саны ушундай ыргата көбөйө берсе, үч же беш жылдан кийин алты пенсионерге иштеген беш киши туура келип калат. Бул тууралуу 22-ноябрда Социалдык фонддун жетекчиси Медер Исраилов парламентте билдирди.

Анын айтымында, 2016-жылы пенсионерлердин саны 13 миңге, 2017-жылы 16 миңге, 2018-жылы 15 миңге көбөйүшү күтүлүп жатат. Былтыр пенсияга бюджеттен 42,5 млрд. сом кеткен. Социалдык фонддун жетекчилиги бир нече жылдан кийин пенсияны төлөө бюджетке күч келтире турганын ачык айтты.

Учурда Кыргызстанда 648 миң пенсионер бар. Мындан тышкары мамлекеттик бюджеттен 21 миң аскер кызматкери пенсия алат. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, Кыргызстанда орточо пенсиянын өлчөмү 5401 сом болсо, орточо айлык 15, 7 миң сом. (Tsh)

XS
SM
MD
LG