Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:08

Хожент колониясында 21 козголоңчу жок кылынганы айтылды


Сироджиддин Мухриддин.
Сироджиддин Мухриддин.

Хожент шаарындагы №3 абакта чыккан тополоңдо 21 козголоңчу жок кылынган. Бул тууралуу Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин 22-ноябрда Брюсселде билдирди.

Министр тополоңго негизинен терроризм үчүн жазасын өтөп жаткандар, анын ичинде “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун жактоочулары катышканын белгиледи. Анын айтымында, башаламандык учурунда түрмөнүн эки кызматкери өлтүрүлгөн, беш күзөтчү оор жарадар болуп ооруканага жеткирилген.

– Күзөтчүлөр жана колониянын кызматкерлери козголоңчуларды диалогго чакырган, - деди ал. - Бирок соттолгондор каршылык көрсөтүп, бир нече киши качууга аракет кылган... Өлгөндөрдүн ичинен 12си Сирия жана Иракта ИМ тобунун катарында согуштук аракеттерге катышканы үчүн жазасын өтөп жаткан, үчөө – "Ансоруллах", "Жундуллах" экстремисттик тобунун жана "Өзбекстан Ислам кыймылынын" мүчөсү, алтоо – киши өлтүрүү, баңгизат аткезчилиги сыяктуу оор кылмыштар үчүн соттолгон.

Сироджиддин Мухриддин түрмөдөгү козголоң боюнча тажик бийлик өкүлдөрүнүн ичинен биринчи болуп комментарий берди.

Буга чейин тажик ЖМКлары өз булактарына таянуу менен Хожент колониясындагы тополоңдо элүүдөй киши өлгөнүн кабарлашкан. Түрмөдөгү башаламандыкка байланыштуу түзөтүү мекемесинин жети кызматкери кармалган. Алардын арасында түрмөнүн башчысы Файзулло Сафарзода, режим бөлүмүнүн башчысы Фарход Садиров да бар.

Тажикстан ТИМнин башчысы Брюсселдеги басма сөз жыйынында Хожент колониясындагы тополоңду Башкы прокуратуранын атайын тобу иликтеп жатканын кошумчалады. Сироджиддин Мухридди Белгияга "Европа Биримдиги – Борбор Азия" форматындагы тышкы саясат мекеме башчыларынын жолугушуусуна катышуу үчүн келген.

XS
SM
MD
LG