Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:39

Пиза мунарасы 20 жылда төрт сантиметрге түздөлдү


Пиза мунарасы.
Пиза мунарасы.

Пиза мунарасы соңку 20 жылда төрт сантиметрге түздөлдү. Бул тууралуу Италиянын Пиза шаардык университетинин окумуштуулары 22-ноябрда билдиришти.

Эл аралык изилдөөчүлөр 1993-жылдан 2001-жылга чейин мунараны оңдоо жаатында изденишкен.

Пиза мунарасы 1360-жылы курулуп бүткөн. Арадан беш жыл өтүп, ал бир тарапка кыйшая баштаган. Маалыматтарга караганда, буга 1173 куруучу мунаранын үчүнчү кабатын куруп жатканда жер кыртышынын чөккөнү себеп болгон. Окумуштуулар мунаранын түштүк тарабындагы жер түндүк тарабына салыштырмалуу жумшак экенин аныкташкан.

1990-жылы мунара 4,5 метрге кыйшайып, кулап кетүү коркунучу күчөгөн. Ошондон кийин бир топ жыл бою мунарага туристтер киргизилген эмес жана реставрация иштери башталган. Ага эл аралык адистер катышкан.

XS
SM
MD
LG