Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:22

CNN: Трамп аскерлерге чек арадагы мигранттарга ок атууга уруксат берди


Дональд Трамп, АКШнын президенти.
Дональд Трамп, АКШнын президенти.

Президент Дональд Трамп АКШнын аскерлерине Мексика менен чек арада башаламандык чыкса жана бажы кызматкерлери менен чек арачылардын коопсуздугуна коркунуч жаралса, мигранттарга каршы курал колдонууга уруксат берди. Бул тууралуу CNN каналы кабарлады.

Каналдын маалыматына ылайык, Трамп мигранттардын арасында кылмышкерлер бар экенин белгилеп, "менде башка айла жок" деп билдирген. Ал Мексика менен чек ара биротоло жабылышы мүмкүн экенин да четке каккан жок.

Мурдараак АКШнын түштүк тарабындагы чек ара тилкелерине Латын Америкасынан мигранттар агылып жатканы кабарланган. Алар баш калка издеп келатканы айтылган. Трамп буга чейин бозгундар арасында "баш кесерлер" да бар экенин билдирген. Мындан улам Мексика менен чектеш аймакка алты миң кошумча аскер жөнөтүлгөн.

АКШда тынчтык учурунда аскерлерге полициянын ыйгарым укуктары берилбейт.

XS
SM
MD
LG