Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Март, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:36

Милиция кен боюнча чыр чыккан Терек-Сайда эл менен жолукту


Терек-Сай айылынын тургундары менен жолугушуу.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Кылычбек Жолдошов Чаткал районунун кен боюнча чыр чыкккан Терек-Сай айылынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдубеков билдирди.

Анын айтымында, жолугушуу кыштактагы маданият үйүндө өттү. Ага Чаткал районунун акими, администрация өкүлдөрү, Чаткал РИИБнин өздүк курамы, Кызыл-Токой, Терек-Сай айылдарынын тургундары катышты.

Эки саатка созулган жыйында социалдык маселелер, аймактагы чет элдик компаниялардын ишмердүүлүүгү, алтын кен казуу иштери багытында суроо-жооптор болду. Айрым жарандар аймактык милиция бөлүмчөсүнүн башчысынын жумушуна нааразычылыгын билдирген соң, анын кызмат орду тез арада караларын башкармалыктын башчысы билдирди.

Ушундай эле жолугушуулар Ала-Бука жана Аксы райондорунда өтүп жатат.

Буга чейин “Эти Бакыр Терексай” ишканасынынын аймагында жергиликтүүлөр менен чыр чыккан. Жарандык активисттердин бири Абдыжапар Нурдинов ишкананы кайтырып турган атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү 5-ноябрда малын айдап келүүгө барган жергиликтүү тургунду сабап салганын айткан. Буга нааразы болгон жаштар чогулуп барганда качып баратып эки милиция жабыркаган.

Окуя болгондон кийин ички иштер министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков кырдаал менен жеринде таанышып келген. ИИМдин ыкчам тергөө тобу факт боюнча териштирүү ишин баштаган. (ErN)

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG