Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:22

Порошенко: Украина НАТОго кирүү боюнча мүдөөсүнөн кайтпайт


Петро Порошенко парламентте сүйлөөдө. 22-ноябрь, 2018-жыл.
Петро Порошенко парламентте сүйлөөдө. 22-ноябрь, 2018-жыл.

Украин президенти Петро Порошенко бул тууралуу бүгүн парламентте өлкө Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча мыйзам долбоору каралган учурда билдирди.

Порошенконун айтымында, Киев өлкөнүн стратегиялык максаттары катары НАТОго жана Евробиримдикке кирүүнү Конституцияда жазуу менен Москвага андан “биротоло жана артка кайткыс болуп” кол үзгөнүн да көргөзүүдө.

Порошенко парламенттеги сөзүндө ошондой эле Орусия “агрессор” өлкө катары Украинанын Батыштагы бул эки уюмга кошулушуна “вето” коё албасын да белгиледи.

Украинанын Конституциясына өзгөртүү киргизүүнү караган мыйзам долбоорун бүгүн парламент биринчи окууда көпчүлүк добуш менен кабыл алды.

Ага ылайык, украин Конституциясына Евробиримдик менен НАТОго кошулуу өлкөнүн стратегиялык максаты катары көргөзүлгөн жобо киргизилет. (UE)

XS
SM
MD
LG