"Укук бузуунун алдын алуу боюнча бирдиктүү аракет" деп аталган рейддин алкагында Кара-Суу шаарында жергиликтүү тургундун үйүнүн короосунда күйдүргүнүн (Сибирь жарасынын) калдыктары көмүлгөн жер табылды. Бул тууралуу рейдге көз салып жүргөн “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы Медер Ниязалиев билдирди.
Текшерүү учурунда үйдүн жашоочусу Лола Убайдуллаева комментарий берип, калдыктар көп жыл мурда көмүлгөнүн айтты:
- 1947-жылы бул жерде талаа болгон экен. Ошол убакта күйдүргүдөн өлгөн малды көмүшкөн экен. Кийин үй тургузулган экен. Бизди жыл сайын текшерип турушат. Азырынча жакшы эле. Биз балдарыбыз менен кошо ушул жерде жашайбыз. Бул жерден чыгарып жиберсе кайда барабыз? - деди ал.
Кара-Суу райондук санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл бөлүмүнүн кызматкери Аким Расулов аталган жай тууралуу алардын кабары бар экендигин жана ал жер дайыма көзөмөлдө турарын айтты.
Сөз болуп жаткан рейд Ош облусунун бардык аймактарында өтүп жатат. Анда укук коргоочу жана фискалдык органдардын, билим берүү, саламаттык сактоо, социалдык коргоо жана калкты иш менен камсыз кылуу тармактарынын, ӨКМдин, Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлдөрү, айыл аймактарынын башчылары, суу чарба, электр тармактары ишканаларынын кызматкерлери катышууда. Алар топ-топко бөлүнүп эл аралап, ар бир үйгө кирип тургундардын көйгөйүн угуп, мыйзам бузулган учурларды жеринен аныктап жатышат. (MdN\ErN)