Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:22

Тажикстанда башкы түрмөчү алмаштырылды


Мансуржон Умаров (солдо) жана Иззатулло Шарифзода (оңдо).
Мансуржон Умаров (солдо) жана Иззатулло Шарифзода (оңдо).

Тажикстанда юстиция министринин орун басары, Жаза аткаруу боюнча башкы башкармалыктын башчысы Изатулло Шарифзода кызматынан кетти.

Президент Эмомали Рахмондун 23-ноябрдагы жардыгында Шарифзода кызматтан “пенсияга чыкканына байланыштуу” бошотулганы айтылган. Анын ордуна Жаза аткаруу боюнча башкы башкармалыктын жетекчилигине эми Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Мансуржон Умаров дайындалды.

Тажикстандын башкы түрмөчүсү Хожент шаарындагы абакта болгон тополоңдон эки жумадан кийин алмаштырылды.

Окуя боюнча Тажикстандын бийлиги биринчи ирет үн катты. Өлкөнүн тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддиндин 22-ноябрда билдиргенине караганда, тополоң учурунда 23 киши өлтүрүлгөн. Алардын 12си Сирия менен Иракта “Ислам мамлекети” террор тобунун катарында согушканы үчүн соттолгондор, үчөө башка экстремисттик топтордун мүчөлөрү, алтоо оор кылмыштары үчүн олтургандар, экөө тополоң чыккан абактын күзөтчүлөрү.

Бирок “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, өкмөттүк эмес булактар 8-ноябрга караган түнү болгон тополоңдон абакта олтурган 50дөй кишинин өмүрү кыйылганын айтууда.

Хожент түрмөсүндөгү тополоң үчүн “Ислам мамлекети” тобу жоопкерчилик алган. (UE)

XS
SM
MD
LG