Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:42

Бишкекте теолог студенттер Айтматовдун чыгармасын сахналаштырды


КМУна караштуу Теология коллежинин студенттеринин сахналаштырылган көрүнүшү.
КМУна караштуу Теология коллежинин студенттеринин сахналаштырылган көрүнүшү.

Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетине караштуу Теология коллежинин студенттери Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата жазуучунун “Кылым карытар бир күн” романын сахналаштырышты. Бул тууралуу иш-чараны уюштурган Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия кабарлады.

Студенттер Айтматовдун чыгармаларындагы түрдүү баалуулуктар боюнча баяндамаларын, изилдөөлөрүн жарыялашты. Андан кийин жазуучунун чыгармаларынын айланасында талкуу болду.

Иш-чарага Чыңгыз Айтматовдун уулу Элдар Айтматов, “Ак кеме” кинотасмасындагы Нургазынын ролун аткарган актер Нургазы Сыдыгалиев, “Бетме-бет” кинотасмасындагы Ысмайылдын образын жараткан Бусурманкул Одуракаев жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов соңунда Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына арналып жазылган эссе сынагынын жеңүүчүлөрүнө сертификат жана белектерди тапшырды. (ErN)

XS
SM
MD
LG