Кошмо Штаттардын администрациясы дүйнө боюнча өнөктөш өлкөлөрдү Кытайдын Huawei телекоммуникациялык компаниясынын жабдууларын колдонууну токтотууга чакырды.
Вашингтон бул компанияны Кытай бийлигинин пайдасына жашыруун тыңчылык кылат деп шек санайт. Бул тууралуу америкалык Wall Street Journal басылмасы жазып чыкты.
АКШ бийлиги өз чакырыгын Германия, Италия, Жапония жана башка өлкөлөрдүн бийликтерине, аларда интернет кызматын көргөзгөн компанияларга багыттады.
Быйыл жыл башында АКШнын чалгын кызматтары Huawei жана ZTE корпорацияларын Кытайдын өкмөтү менен байланышта деп шек санаган. Өткөн айдын соңунда болсо АКШ бийлиги америкалык компанияларга микрочиптерди чыгарган Fujian Jinhua менен кызматташууга тыюу салган. Америкалык тараптын пикиринде, бул фирма интеллектуалдык менчикти уурдоо менен алектенет.
Ага чейин быйыл апрелде АКШ Кытайдын ZTE корпорациясына жети жылга америкалык технологиялык компаниялардын продукциясын сатып алуусуна тыюу салган, ошондой эле ал өндүргөн товарлардын өлкө аймагында сатылуусун чектеген. Бул өңдүү санкциялар ZTE АКШ өкмөтүнүн талаптарын аткаргандан кийин гана алынды.
Быйыл октябрдын башында АКШ вице-президенти Майк Пенс Кытай жараткан стратегиялык коркунучтар тууралуу айтып, аны аскерий жана коммерциялык тыңчылыкты кеңири жүргүзүп жатканы үчүн айыптаган. Бээжинде АКШнын айыптоолорун четке кагышкан. (UE)