Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 18:42

Мунай баасы бир жылдан ашуун мезгилден берки эң төмөнкү чегине түштү


Ирандын Перси булуңундагы мунай платформасы. 2017-жылкы сүрөт.
Ирандын Перси булуңундагы мунай платформасы. 2017-жылкы сүрөт.

Кара майдын Brent сортунун бир баррелинин баасы 23-ноябрда Лондон биржасындагы соодада 59,26 долларга бааланды. Бул - 2017-жылдын октябрь айынан берки эң төмөнкү баа.

Өзү мунай баасы дүйнөлүк биржаларда акыркы жети аптадан бери төмөндөөдө жана ноябрь айында эле 20% арзандады.

Мындан улам кара май өндүрүүчүлөрдүн ОПЕК уюму 6-декабрдагы олтурумунда өндүрүш көлөмүн кыскартуу маселесин талкуулайт деп күтүлүүдө.

Кара май өндүрүүчүлөрдүн ОПЕК уюмуна он беш мамлекет мүчө. Ири өндүрүүчүлөрдүн бири болгон Орусия ага кирбейт, бирок кызматташып жүрөт.

Энергия боюнча эл аралык агенттиктин эсебинде, быйыл ОПЕК уюмуна мүчө эмес мамлекеттердин эле базарга чыгарган кара майынын күндөлүк көлөмү 2,3 миллион баррелге өсүп кеткен.

Кара майдын бир баррели октябрь айынын башында эле 86 долларга сатылып жаткан.

Дүйнөлүк мунай базардагы соңку олку-солкулуктар АКШнын Иранга каршы экономикалык санкцияларына байланыштуу болду. Баа бул өлкөнүн мунай секторун бутага алган санкциялар быйыл 5-ноябрда тарта күчүнө киришин утурлай кымбаттаган.

Кошмо Штаттардын бийлик өкүлдөрү быйыл жазында дүйнөлүк базарга күнүнө 2,5 миллионго баррелге чейин мунай чыгарган Ирандын кара май экспортун нөлгө түшүрүү багытында иш жүргүзөрүн айтып келишкен.

Бирок санкциялар күчкө киргенден кийин АКШ сегиз өлкөгө: Кытай, Индия, Түркия, Жапония, Түштүк Корея, Италия, Греция, Тайвандын дагы алты ай Тегерандан мунай сатып алуусуна жеңилдик берди. Бул, эксперттердин эсебинде, Иран азыр дүйнөлүк базарга күнүнө 1,8 миллион баррель карамай чыгарып тура алат дегенди билдирет. (UE)

XS
SM
MD
LG