Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

АКШда Black Friday башталды


Нью-Йорктогу дүкөндөрдүн бири. 23-ноябрь, 2018-жыл.
Нью-Йорктогу дүкөндөрдүн бири. 23-ноябрь, 2018-жыл.

АКШнын Чекене соода боюнча улуттук федерациясынын эсебинде, ушул жума күнү өлкө боюнча 116 миллион адам дүкөнгө барганы жатат.

Ал эми келерки дүйшөмбүгө чейин дүкөндөргө 164 миллион адам келери күтүлүүдө.

Black Friday деп аталган күнү салт боюнча соода түйүндөрү товар бааларын бир нече эсе арзандатышат.

АКШнын тургундары ушул бейшемби-жума күндөрү Thanksgiving (Ыраазычылык күнү) майрамын белгилөөдө.

Reuters агенттиги кабарлагандай, сурамжылоолор америкалык керектөөчүлөрдүн 38% Black Friday күнү дүкөнгө барарын, он америкалыктын алтоо Иса пайгамбардын туулган күнүн утурлаган майрамдык сатып алуулардын кеминде жарымын ушул күнү жүргүзөрүн көргөзгөн.

АКШнын чыгыш тарабынын убактысы боюнча Black Friday башталган 23-ноябрь, эртең мененки саат онго карата керектөөчүлөр интернет соода аркылуу 643 миллион доллар коротушкан.

Чекене соода боюнча улуттук федерация ноябрь-декабрь айларындагы майрамдык соода-сатыктын акчалай көлөмү быйыл былтыркыга салыштырмалуу 4%дан ашуунга көбөйүп, 720,8 миллиард долларга жетет деп болжолдойт. (UE)

XS
SM
MD
LG