Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:09

Ооган президенти мечиттеги жардырууну “исламга каршы” деп атады


Коопсуздук күчтөрү Хост провинциясында аскерий базанын жарылуу болгон мечитине жакын жерге топтолгон учур. 23-ноябрь, 2018-жыл.
Коопсуздук күчтөрү Хост провинциясында аскерий базанын жарылуу болгон мечитине жакын жерге топтолгон учур. 23-ноябрь, 2018-жыл.

Өлкөнүн чыгышындагы Хост провинциясында, аскерий базанын ичиндеги мечитте, жума намаз учурунда болгон жарылуудан ондогон киши мерт болду жана жаракат алды.

Аймактан түшкөн соңку маалыматтарга караганда, жарылуудан кеминде он эки кишинин өмүрү кыйылды. Хост провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Талиб Мангалдын “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун ооган кызматына билдиргендей, жарылуудан дагы 33 киши жаракат алган.

Башында айрым маалымат агенттиктери ооган расмий өкүлдөрүнө шилтеме жасап, жарылуудан 26 киши өлүп, 50дөй адам жаракат алганын кабарлашкан.

Жарылуу кандайча болгону, аны жанкечти ишке ашырдыбы же жокпу, азырынча беймаалым. Кол салуу үчүн эч бир топ жоопкерчилик ала элек.

“Талибан” кыймылы буга чейин диний жайлардагы кол салууларды айыптап келген. Ооганстандын Хост провинциясында “Талибанга” байланышы бар “Хаккани” кыймылы активдүү аракеттенет.

Ооган президенти Ашраф Гани мечиттеги жардырууну “исламга каршы” деп айыптап, аскерий базанын ичиндеги кол салуу боюнча иликтөө жүргүзүүгө чакырды. Апта башында борбор Кабулда жанкечти өзүн динаятчылар менен дин аалымдары чогулган жерде өзүн жардырганда кеминде 50 киши мерт болуп, 80ден ашууну жаракат алган. (UE)

XS
SM
MD
LG