Бишкекте Кыргызстандын коомдук, саясий жана мекенчил күчтөрүнүн курултайы аттуу иш-чара башталууда. Темасы: "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең".
Уюштуруучулар иш-чарага өлкөнүн бардык аймагынан 700гө жакын адам чакырылганын билдиришти.
Курултайда экс-президент Алмазбек Атамбаевдин бийликтеги мөөнөтүндө жасаган иштери жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун кызматка киришкен бир жылдыгына баа берилери айтылган. Андан тышкары өлкөдөгү саясий жана экономикалык абал талкууланат.
Курултайды саясатчылар жана жарандык коомдун өкүлдөрү уюштурууда. (BTo)