Коомдук ишмер Азимбек Бекназаров бүгүн Бишкекте өтүп жаткан коомдук-саясий күчтөрдүн курултайында саясий негизде камакка алынгандардын маселесин көтөрдү.
Ал "Атамбаевдин убагында саясий туткунга кабылгандардын иши кайра каралышы керек" деген оюн айтты. 2010-жылы бийлик алмашканда бир катар саясатчылардын иши кайрадан каралып чыкканын белгилеп, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго кайрылды.
Бүгүн Бишкекте "Кыргызстан: кечээ, бүгүн, эртең" деген темада курултай өтүп жатат. Аны бир катар коомдук-саясий ишмерлер уюштуруп, экс-президент Алмазбек Атамбаевдин алты жылдык жана азыркы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун иш мөөнөтүнүн алгачкы бир жылына баа берип жатышат. (BTo)